Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Барын чукуп чыгам». Ташиев кызматкерлерине эскертүү берди

Мамлекет сиздер үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берет

Бир күн мурун УКМКнын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачып жатып, Камчыбек Ташиев өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнүн айрым кызматкерлерине карата иликтөө иштери жүруп жатканын айтып берди.

Ал кол алдындагыларды бир-эки күндүн кызыкчылыгы үчүн эмес, келечек үчүн иштөөгө чакырып, эскертүү берди.

«Операцияларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыгың үчүн жасасаң да баары чыгат. Эртеби-кечпи бул белгилүү болот. Тапшырма берилген учурда мамлекеттин кызыкчылыгын артка жылдырып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлер бар. Азыр менин тапшырмам менен 6-башкармалыктын 2-3 кызматкеринин артынан иликтөө жүрүп жатат, Жакында ачыкка чыгат. Мамлекет сиздер үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берет. Маселеңер болсо мага жеке өзүмө келгиле», — деди Ташиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх