Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев президентке кирди

Сооронбай Жээнбеков маичилерге да реформа жетиш керек экендигин кыйытты

ИИМ башчысы 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга коюлган пландар тууралуу айтып берип, соттук-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында иштерден маалымат берди. Коррупция менен күрөшүүдөгү чаралар, ички иштер органындагы уятсыз кызматкерлерден тазалануу боюнча да кеп салды.

Анын маалыматы боюнча, 2019-жылы үчтүн айында 10 миңден ашуун кылмыштар жана окуялар катталган, анда кандайча болуп былтыр үчтүн айында катталган кылмыштын саны 2 миңден аз болгон. Бул бардык кылмыштардын Бирдиктүү реестрге катталышынын жыйынтыгы, ошонун аркасында кылмыштуулук азайган.

Жунушалиев коомчулукта чуу чыгарган кылмыштар тууралуу, анын арасында кызматкери айыпталып жаткан маалыматтарды да ортого салды.

«Ички иштер органынын кызматкерлеринин арасында аныкталган кылмыштуулук көбөйдү, анткени бул ИИМ  жүргүзүлгөн реформанын жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасы. Күнөөлүүлөр мыйзамдын болгон катаалдыгы менен жазаларын алышат. Биз ачык айкын иш жүргүзүүнү уланта беребиз», — деди  министр.

Ал ички иштер органындагы милициянын кадырын түшүргөн кызматкерлерден арылуу боюнча бир катар иштер улантылып жатканын белгиледи. Коррупция менен күрөшүүдө өздүк курамдын иши күчүнө кирди. Жарандардын доо, арыздарын кароого өзгөчө көңүл бурулууда.

Жээнбеков кыргызстандыктар ички иштер органдарынан коррупция менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоодо олуттуу жыйынтыктарды күтүп жатат.

 «Ички тиштер органдары коомчулукта катуу сынга кабылгандыгына карабастан ИИМ ачык жана айкын иш жүргүзүүнү уланта берүүсү зарыл, ошону менен бирге татыксыз кызматкерлерди өз катарларынан тазалоону ишке ашырышы керек. Ички иштер органындагы реформа биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигине багытталышы керек. Биз жарандардын кайрадан «Менин милициям мени коргойт» деп ишенимдүү айтышына жетишишибиз керек, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.  

Ошондой эле мамлекет башчы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ИИМ бөлүкчөлөрүнө багытталган реформа боюнча иш чараларды өткөрүү маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

 

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх