Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын мандаты май майрамдарынан кийин Клара-Гүлнара Саматка берилет

Депутаттыка талапкердин кош жарандуулугу тууралуу "Карек" коомдук бирикмеси Боршайкомго жазган арызын кайтарып алды

Клара-Гүлнара Самат кош жарандуу экендигин айтып, БШКга кайрылган активистер  арызын кайтарып алышты. Бул тууралуу  Vesti.kgге өздүк булактар маалымдады.

"Карек" коомдук бирикмеси 27-апрелде депутаттыка талапкер айымдын кош жарандуулугу жок экендиги тууралуу БШКга кат жолдогон.

"Сизден БШКга 15-январда түшкөн №1\86 арызын кайтарып берүүңүздү суранам" - деп жазылат С. Конокбаевдин колу коюлган кайрылууда.

Vesti.kg Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевге кайрылганда, ал бул маалыматты тастыктап, Аида Салянованын мандатын Клара-Гүлнара-Саматка берүү маселеси май майрамдарынан кийин чечилээрин айтты.

- Активистердин арызы эч кандай документтер менен далилденген эмес. Атүгүл орус паспортунун дагы көчүрмөсү жок. БШК ушул сыяктуу арыздарды карабаш керек болчу, - дейт Кайрат Осмоналиев.

Эскерте кетсек "Карек" коомдук бирикмеси "Ата Мекен" партиясынан депутаттыка талапкер Клара-Гүлнара Саматта Орусия жарандуулугу бар деп айыптап чыгышкан.

Эгер бул маалымат такталбаса жарандык активистер жалган жалаа жапкандыгы үчүн жоопкерчилике тартылаары айтылган.

Зулайка Эркимбаева 
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх