Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаев мунапыстан баш тартты. Бул принциппи же саясий оюнбу?

Ташполот Балтабаев - “Баш мыйзамдын атасы” тактикалык жүрүш жасап жатканын айтты

Өмүрбек Текебаев мунапыстан баш тартып, анын ишинин кайра каралып чыгышын талап кылууда. Бул тууралуу камакта жаткан саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, ошону менен бирге Өмүрбек Текебаев - президенттен ага мунапыс сурап кайрылган акыйкатчыга оз ыраазычылыгын билдирет.

- Бирок эч кандай мунапыс сурап, кайрылуу жазылбайт. Тескерисинче, биз жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра карап чыгууга жетишебиз, - дейт Токтакунова.

Текебаевдин мындай позициясы коомчулукта ар түрдүү пикир жаратты. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев Vesti.kgге “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин мындай кадамын колдой турганын билдирди.

- Бул принципиалдуу маселе, - дейт ал. Кеп анын күнөөлүү же күнөөсүз экендигинде болуп жатат. Ошондуктан бул учурда ал туура кылып жатат. Ага толук акталып чыгуу керек. Ал өзүнүн ак экендигин далилдегиси келет. Мен бул жерде эч кандай саясий оюн көргөн жокмун.

“Ата-Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Ташполот Балтабаев Текебаевдин мунапыстан баш тарткандыгы өзүнчө бир тактикалык жүрүш деп эсептейт.

- Анын негизги жүрүшү коррупционер деген аттан арылууга багытталат. Мунапыс күнөөнү моюнга алды дегенди түшүндүрөт. Жакында баары бир боштондука чыгаарын сезип, коомчулуктун алдында абийирин тазалагысы келип жатат. Башкача айтканда, “мен камакта отурдум, бирок күнөөмдү моюнга алган жокмун” - дегиси келип жатат. Саясий коррупционер катары мунапыска макул болуунун Текебаев үчүн кажети жок,-дейт Ташболот Балтабаев.
  
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх