Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиев кайда экенин эч ким билбейт

«Бир Бол» фракциясынын депутаттары дагы алардын кесиптеши азыр каякта экенин билбейт

Депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев каякта экенин Жогорку Кеңеш билбейт. Бул тууралуу Vesti.kgге парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

- Шадиев өлкө аймагынан чыгып кеткени тууралуу бизде маалымат жок, дейт басма сөз кызматы, ал бизге отчет бербейт. Балким, жеке сапар менен бир жакта жүрөт. Кийинки жумада депутаттар аймактардан келет. Ошондо Шадиевдин каякта экени билинээр, - дейт басма сөз кызматы.

Анын кесиптеши, “Бир Бол” фракциясынын лидери Игорь Чудинов дагы, Аскарбек Шадиев каякта экендигин билбейт экен.

- Бүгүн мен жумушка келип сурасам, Шадиев каякта экенин эч ким билбейт экен, - деди депутат Vesti.kgге. -Ал ооруканага жатканын билебиз. Балким, азыркы учурга чейин дарыланып жаткандыр.

Эскерте кетсек, Vesti.kg Аскарбек Шадиев чет жакта эс алып жаткандыгы тууралуу жазган. Бул тууралуу анын жардамчысы билдирип, эл өкүлү 27-апрелде өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.  

Ал эми УКМК болсо мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендердин тизмесинде жок экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, Баш прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча депутат Аскарбек Шадиевге кылмыш ишин козгогон. Эл өкүлүнө Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкеа бөлүнгөн акча каражатын өзүнө ыйгарып алган деген айып тагылууда. Учурда кылмыш ишинин материалдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх