Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды

Депутаттын жана анын жубайынын жыйырмадан ашык банк эсеби бар болуп чыкты. Андан сырткары, алардын көп үй-жайы бар экен

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган УКМКнын токтомунан белгилүү болду.

Токтомдун текстинде депутаттын жана анын жакындарынын Кыргызстандагы жыйырмадан ашык коммерциялык банкында эсептери бар экени айтылат. Ошондой эле, токтомдо Шадиевге катталган көп сандагы кыймылсыз мүлк дагы тизмектелген.



Эскерте кетсек, Vesti.kg мындан мурда Шадиев өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган. Бул тууралуу анын жардамчысы билдирип, эл өкүлү 27-апрель күнү дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткенин айткан. Бирок УКМК бул маалыматты четке кагып, өлкөдөн сыртка чыккандардын тизмесинде Шадиев жок экендигин билдирген. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы, парламенттин аппараты дагы - эл өкүлүнүн азыр каякта экенин билбегенин билдирет.

Аскарбек Шадиевге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ага - Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн каражатты өзүнө ыйгарып алган деген айып тагылууда.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх