Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайдын $32 млн грантын Кыргызстан ирригациялык системасын реконструкциялоого багытайт

Президент бул проектти ишке ашырууга уруксат берди. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында “Кыргыз республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо” проектисин реализациялоого уруксат берди

Бул проектти ишке ашырууга 32 млн АКШ доллары бөлүнгөн, грант түрүндөгү бул акча Кытай Эл Республикасынан суу чарбачылыгындагы 6 обьект курууга багытталган.

Проектте Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарынын суу чарба курулуштарын реконструкциялоо каралган. Аларды эксплуатацияга киргизген соң 5410 гектар жаңы сугат жер ишке киргизилет, 22100 гектар жердин суу менен камсыз болушу жогорулайт.

Жалпысынан алганда, бул долбоордун ишке ашышы республикада 40 жумуш ордун түзөт. Кыргыз Республикасынын суу чарбачылык обьекттеринин 2016-2026 жылдардагы тизмегине Ысык-Көл облусвнун Тоң районунун Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо кирген.   

Мамлекет башчы Тоң районун Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо боюнча проект менен таанышып чыкты, анда 16,5 км магистралдык жана 11,2 км ички чарбалык каналдар менен башкы суу тосмо курулушу  каралган.

“Тоң районунун Ак-Өлөң магистралдык каналын жана башкы суу тосмо курулушун реконструкциялоо” курулуштары бүткөн соң, 516 гектар жаңы сугат жер жана 3565 гектар мурунку сугат жердин суу менен камсыз болушу жогорулайт. Баасы 500 млн сом турган бул курулуш 2021-жылга карата бүткөрүлө тургандыгы пландалып жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх