Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев Бишкек ШИИБ жетектөөгө даяр экендигин азыр чече элек

Экс-ички иштер министри – анын талапкерлиги ИИМдин Бишкек шаардык башкармалыгын жетектөөгө каралып жатканы тууралуу имиштерге жооп кылды

Бишкек ШИИБ жеткчилик кызматына ИИМдин экс-министри Мелис Турганбаев каралып жатканын жергиликтүү ЖМКлар билдирет.

Айта кетсек, ИИМдин экс-башчысы бул кызматты аркалоого алдын ала макул болгонун билдирген. Бирок Мелис Турганбаев өзү бул маалыматты Vesti.kg сайты менен болгон маекте четке какты.

- Мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатам, – деди ал. – Деги эле бул сыяктуу сүйлөшүүлөр мени менен болгон да эмес.

Биздин - эгер сизге ушундай сунуш түшсө, борбор шаардык ИИБди башкарууга даярсызбы, деген сурообузга экс-министр жооп берээр алдында бир аз токтоло түштү.

- Азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин. Ошондуктан эч нерсе айта албайм, - деп кошумчалады Мелис Турганбаев.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх