Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев жыл сайын 100 миң сом төлөп турат

Экс-премьер жаш окумуштууларды өз каражаты менен каржылоого даяр

Экс-премьер-министр Темир Сариев жаш окумуштууларга жыл сайын өз каражатынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп турат.

Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчы өзү билдирди.

Анын айтымында бул идеяны ал тарых илимдер академиясы уюштурган илимий конференцияда сунуштаган.

Ал жерде биз Бишкек шаары тууралуу, Бишкек баатырдын жашоосу жана ушуга окшогон темаларды талкуулап жатканбыз, - деди Сариев. - Мен Кыргызстандын тарыхы боюнча изилдөө иштерине беш жыл бою 100 миң сом өз жанымдан премия берип турайын деп сунуш кылдым.

Мен билем, бул аз сумма экендигин, бирок кыргыз тарыхын изилдеген жаш окумуштууларга жакшы стимул болот деп ойлойм.

Анын үстүнө бул жаатта биздин тарыхый булактар аз жана биз буга тилекке каршы өтө аз көнүл бурабыз. Ошого карабастан биздин тарыхый булактарыбыз Татарстанда, Башкортостанда, Кытайда жана Монголияда өтө көп экендиги белгилүү.
Андан ары экс-премьер биринчи төлөнө турган премиянын илимий ишинин темасын аныктады.

Бишкек шаарынын юбилейине байланыштуу, шаарыбызга арналган илимий ишке төлөп берүүнү сунуш кылдым,- деп кошумчалады Темир Аргембаевич. - Келээрки жылдан баштап тарых Академиясынын Институту илимий кеңеш уюштурса, бул премиянын номинанттары белгилүү болот.

Бакыт Стамов
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх