Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин аппаратынын бөлум башчысы: Мен Карганбек Самаковдун иши боюнча сотко киришкен эмесмин

Экс-депутаттын адвокаттары Манас Арабаев Фемиданын кызматкерлерине кысым көрсөтуп жаткандыгын билдирди

Парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковдун адвокаттары,  президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев  сот процессине кийлигишип жаткандыгын билдиришкен. Ушул себептен алар бүгүнкүгө пресс-конференция белгилешкен эле. Алардын ою боюнча " Манас Арабаевдин колунан баары келет", - экен.

 Ал арада Vesti.kg сайты соттук териштирүүгө басым өрсөттү деген чиновниктин өзү менен баарлашты. Арабаев өз комментарийинде бардык айыптоолорду четке какты.

Соттук процесстерге киришүү жазалана турган кылмыш, - дейт Манас Матаевич. - Анын үстүнө президентибиз коопсуздук кеңештин отурумунун алкагында  бул өңдүү иштерге катуу чара көрүлөт деп айтпадыбы.

Алардын айткандары чындыкка коошпойт. Бул кылмыш иши боюнча биринчи инстанция чечим чыгарды.

Алардын эмнеге мени антип айтышкандарына түнбөйм. Бирок бул ишке менин тийешем жок.

Карганбек Самаковдун адвокаттары эмнени көздөп жатышкандарын билбегендигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаков Октябрь райондук сотунун чечими менен үй мүлкү конфискацияланып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй областынын, аламүдүн районунун, Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл округдарынан аянты 262 гектар жер участогун мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн айыпталган.

Бул иш боюнча мурунку премьер-министр Игорь Чудинов, экс-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев, мурунку айыл чарба министри Арстанбек Ногоевдер тартылышкан.

Кылмыш ишин 2015-жылдын 14-майында козголгон болчу. Учурда  бул иш Бишкектин шаардык сотунда каралып атат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх