Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин башчысы кайсы сапаттар бааланаарын тактады

Кашкар Жунушалиев жумуш сапары менен түштүк региондо жүрөт

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жумуш сапары менен ош областында жүрөт. 12-14 майларда ал республиканын түштүк аймагына жасаган жүрүшүндө кызмат өтөөнүн шарты жана уюштурулушу менен таанышып, текшерди. Ноокат, Араван, Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Кара-Кужа, Өзгөн райондорунун ички иштер бөлумдөрүндө жана Ош областтык ИИБ, баңги затты мыйзамсыз иштетүү бөлүмүндө, ИИМдин атайын кызмат полкунда болду. Анын ичинде шаардык "Сулайман тоо", "Ак-Буура"  милиция бөлүмдөрүндө текшерүү иштерин жүргүзүп, таанышты. Ош областтык ИИБ кызматкерлеринин иши менен да таанышты.

Кашкар Жунушалиев аймактык милиция кызматынын өздук курамына чогулуш өттү, кызмат өтөөчү жайлар менен таанышты. Аймактык подразделениелердин уюштурулушун текшерип, ыкчам кызмат иштеринин багытын дайындады жана аларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү калк жана милициянын ветерандары менен жоолугушту. Ош областынын ички иштер министри барган ар бир районунда элдер активдүү суроолорун берип жатышты. Алардын бири чек арага жакын жерлердеги жайыт тууралуу болду. Чоң-Алай районунун жашоочулары бийликке кыргыз-тажик чек арасындагы акыбалды жеткирүүнү суранышты.

Өздүк курамдын алдында Кашкар Жунушалиев коомчулуктун коопсуздугу үчүн бул тармактагы реформа тууралуу айтты.

- Мен милиция кызматкерлериндеги чынчылдык, тактык жана адамгерчиликтүү касиеттерин баалайм, деди ал. Министр андан ары кызматтык тартипке өзгөчө көңүл бурду. Кесиптик деңгээлдин, маданияттын жана жарандар менен мамиленин сапатын баса белгиледи.

ИИМдин башчысы президенттин коррупция менен күрөшүүдө укук коргоо органдарына ишеним артаарын өздүк курамга билдирди. Жоолугушуунун жүрүшүндө министр милициянын ветерандарынын суроолоруна да жооп берди. Укук коргоо органдарынын эффективдүү иштеши үчүн социалдык жактан жардам  көрсөтүү, турак жай, эмгек акы маселелерин чечүүнү белгилей кетти. Жүргүзүлчү реформанын алкагында бардык укук коргоо органдары үчүн бирдиктүү мыйзам долбоору иштелип чыккан.

ИИМдин пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх