Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бул адамдар Акаевди, Бакиевди жана Атамбаевди сатышкан. Эртең Жээнбековду да сөзсүз сатышат»

Мурунку баш прокурор бир гана Сапар Исаков өзүнүн мурунку шефин сатпагандыгын айтат

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков өзү жоопкерчиликти мойнуна алып, өзүнүн мурунку шефи - Алмазбек Атамбаевди саткан жок. Бул тууралуу экс- баш прокурор Азимбек Бекназаров Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын сөзү боюнча, мунусу менен Сапар Исаков эрдик кылып жатат.

- Ооба ал жаш, бирок бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алгандан корккон жок жана экс-президентти саткан жок, - дейт Азимбек Анаркулович. - Ал жападан жалгыз бекинбей экс-президентти коргоп жатат. Элдин баары аны сатып кетип жатса, Сапардын мунусу эрдик эмеспи? Бул адамдар Акаевди, Бакиевди саткан. Эми алар Атамбаевди сатышты. Эртең Жээнбековду да сөзсүз сатышат. Ошондуктан менин айтаарым депутаттар моралдык-саясий жоопкерчиликти өздөрүнө алыш керек.

Конституция боюнча өкмөттү Жогорку Кеңеш көзөмөл кылат. Азыркы коррупциялык деп аткан келишимдерди бир кезде өздөрү ратификациялап беришкен. Эми бугүн баарына Атамбаев күнөөлүү деп кыйкырып атышат. Өздөрү кайда эле ошондо, эмнеге унчугушкан эмес ?  Алар өздөрү добуш берип, бүт чыгымдарды эсептешпеди беле. Ооба, Атамбаевдин тушунда да мурунку президенттердикиндей эле авторитардык режим болду. Ооба ал бийликтин үч бутагын тең өз колуна алып алды.

Бирок ушунун баарына ким макул болду эле ? Азыр баарын күнөөлөп аткан парламент макул болуп берген.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх