Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мар Байжиев: Самаковду соттоп жаткандарга биздин урпактарыбыз кийин наалат айтышат

Экс-депутаттын аркасы менен "Манас"  эпосу Кыргызстанда калгандыгын белгилүү жазуучу эскертти

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Мар Байжиев экс-депутат Карганбек Самаковдун мыйзамсыз соттолуп жаткандыгын Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын ою боюнча туура эмес иш козгогондугу үчүн соттун өзүн жоопко тартуу керек.

- Аны соттогудай ал мамлекетке эмне чыгым алып келиптир ? Тетирисинче, бул адам биздин маданиятыбызга баа жеткис салым кошту. Биздин урпактар бул ишти дайыма эстеп калышат, аны соттогондорго кийин наалат айтышат. Мен Карганбек Самаковду терең урматтайм. Анткени анын аркасы менен Манас эпосу бизде, Кыргызстанда калды. Көп жылдар Кытай өзүнүн маданий баалуулугу катары жазып жүргөн болчу. Ошонун эле алдында мен Самаковдун каржылык жардамы аркасында эпосту орус тилине которгом.

Ал Бакуга ЮНЕСКонун жыйынына өз каражаты менен барып эпостун кыргыздыкы экендигин далилдеп келген. Бул адам биздин маданиятыбызга баа жеткис салым кошту.

Былтыр декабрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту аны мыйзамсыз жерлерди трансформация кылды деп, 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул ишке тийешеси бар Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиев болсо 5 миллион сомдон айып пул төлөшкөн.

Бакыт Стамов
фото www











Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх