Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков жаңжалдуу Манас Арабаевди кызматынан алды

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысын сот кызматкерлерине басым көрсөткөндүгү тууралуу кунөөлөшкөн

Сооронбай Жээнбеков КР «Жарандык жана муниципалдык мамлекеттик кызмат тууралуу » мыйзамынын 47- беренесинин 2 п. 3 бөлүгүнө ылайык президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулугу бөлүмүнүн башчылыгы кызматынан Манас Арабаевди бошотуу тууралуу указга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн саясий маалымат бөлүмү билдирет.

Мындан мурдараак Карганбек Самаковдун жактоочулары Манас Арабаевдин сот процессине кийлигишип жаткандыгын айтышкан болчу.

Бирок ал Vesti.kg сайтына юристтердин айткандарына негиз жоктугун айткан болчу.

- Сот процессине кийлигишүү жаза ала турган иш, - дейт Арабаев. - Андан да бул тууралуу катуу чаралар көрулгөн. Алардын мага карата айткандары чындыкка коошпойт. Ал  кылмыш иши боюнча биринчи инстанция чечим чыгарган. Менин бул ишке тийешем жок, эмнеге эле алар мага ар нерсени айтып атышканын мен түшүнбөйм. Бирок бул ишке менин такыр эле тийешем жок.

 Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх