Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мыйзамда "саясий камалган" деген түшүнүк жок. Аны мыйзамга киргизсе болобу?

Жогорку соттун мурдагы төрагасы бул уяттуу туткундарды эмне кылабыз дейт

Кыргызстанда саясий камактагылардын иши үчүн комиссия түзүү керек экендигин  Vesti.kg сайтына мурунку Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов айтты.        
                            
- Комиссия бардык материалдарды изилдеп чыккандан кийин атайын мыйзам даярдаш керек, ал Башпрокуратурага жана тергөө органдарына ишти кайра карап чыгууга  көрсөтмө берүүнү камтышы керек.

- Коомчулук саясий камактагыларды бошотууну эп көрөт. Мен буга макул эмесмин жана бул маселени чече турган жолду сунуштайм.

Курманбек Эргешовичтин оюнча бул конституциялык чечим болбой калат, бирок башка жолго салыштырмалуу ыңгайлуураак.


- Биздин мыйзамда тигиндей, же мында адамды саясий камаганга болот деп көрсөтүлгөн эмес. Бирок революциядан кийин Убактылуу өкмөт көп маселелерди атайын декреттерди кабыл алуу менен эле чече берген. Азыр коомчулук мунапыс же амнистия сыяктуу бир варианттарды күтүп жатат. Бирок мындай иш аракеттер үчүн өзгөчө жагдай керек эле. Ишти кайра кароого да болбойт, себеби жаңы ачылган жагдайлар жок.


Укук коргоочулардын ою боюнча азыр саясий өңүттө 13 адам камалып турат. Алардын жетөө күч менен бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталган. Экөө коррупция үчүн мөөнөтүн өтөп атат. Ал эми Канатбек Исаевди болсо коррупцияга да, бийликти басып алууга да күнөөлөп жатышат.
Андан сырткары, экс-депутат Максат Кунакуновду мыйзамсыз түрдө курал сактагандыгы жана каракчылыгы үчүн камаган.


Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх