Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбан Канат Бегалиев экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордун ээледи

Мындай чечим КР күрөш федерациясынын кезектеги чогулушунда кабыл алынган

Белгилүү спортчу Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү билдирди. Мындай чечим 12-майда КР КФ чогулушунда кабыл алынган.

Ош аэропортунун мурунку начальниги Жалил Атамбаев да  Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Ал грек-рим күрөшү боюнча багытты колго алат.

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу казак өкмөтү тарабынан контрабандага шектүү делип кармалганын эсиңиздерге салабыз. Анын үстүнө анын казак жарандыгы бар экендиги аныкталган. БШК анын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуп, мандатын Руслан Чойбековго алып берген болчу.

Үстүбүздөгү жылдые февраль айында Салима Абдувалиеванын тарткан видеосунда кылмыш дүйнөсүндө "Салимбай"  деген каймана ат менен белгилүү Өзбекстандык крим төбөл жарыя болгон эле. Анын жанында кучакташып тургандар «Ата-Журт» партиясынын депутаты Нургазы Айдаров менен Ош аэропортунун экс-начальниги Жалил Атамбаевдер болчу.

Бакыт Стамов
фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх