Атамбаев менен Исаковдун кечээги эле душмандары бүгүн аларды коргоого даяр
Активисттер саясий куугунтуктун репрессияга катышкан курмандыктарына да жардам берүүгө даяр
Эгерде мурунку премьер-министр Сапар Исаковду далили жок, мыйзамсыз, бир гана экс-президенттин соратниги болгондугу үчүн соттошсо, анда «Сөз эркиндигин коргоо комитети» ага жардам берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган коомдук уюмдун директору Адиль Турдукулов билдирди.
Анын сөзү боюнча, ал жана анын командасы үчүн мыйзамдуулук принциби маанилүү.
Алтургай Атамбаев тууралуу сөз болсо да биз коргойбуз,- деди ал. - Биз эгерде процессуалдык нормалар бузулса, куугунтук ачык саясий түрдө, Текебаевдики сыяктуу болсо жардам берүүгө даярбыз. Эгерде бийлик мыйзамдуу жол менен эмес, саясий куугунтуктөө жолуна түшсө биз жардам бергенге даярбыз. Биз үчүн принцип маанилүү. Алтургай саясий камактагылар тууралуу да биздин кээ бир мүчөлөрүбүз жакшы ойдо эмес болчу. Бирок канткен күндө да бул жерде мыйзамдуулук принциби маанилүү.
- Мисалга , бизди кээ бир массалык маалымат каражаттары жактыра берген эмес, бирок ошого карабастан биз аларга көйгөй жаралган учурда жардам бердик.
Бул комитеттин негиздөөчүлөрү болуп жарандык активист Адиль Турдукулов, журналист Замира Сыдыкова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, журналист Нарын Айып жана экс-депутат Бегалы Наркозуев саналат
Бакыт Стамов
Фото www