Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга Россиянын дагы бир аскердик базасынын кереги барбы?

Президент каршы эместигин билгизди. Эксперттер өз ойлорун бөлүшөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочидеги ЕАЭСтин башчылары менен жоолугушуу учурунда, республикада дагы бир россиялык аскер базасын ачууга каршы эместигин билгизди.

«Биздин Кыргызстандын түштүгүнө ачуучу аскердик базабыздын афган коркунучуна коллективдүү реакция кылуу жана терроризм, экстремизм жана наркотрафиктин алдын алуу»,- деди мамлекет башчы журналисттерге.

Президенттин мында пикири менен кыргызстандык эксперттер макул эмес. РФнын аскер күчтөрүн кыргызстандын түштүгүнө киргизүүгө каршы эмес, бирок борборазиялык геосаясий оюнчулардын нааразычылыгын туудурат. Кытай жана Өзбекстан сыктуу өлкөлөр. Экс-депутат жана саясатчы Алишер Мамасалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ОДКБнын алкагында түштүккө аскер базасын ачуу Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн болоорун белгилейт.

- ММКлар бул база бир гана россиялык болот деп туура эмес айтышат, ал ОДКБнын алкагында гана ачылат. Ошондуктан бул жерде биздин улуттук маселелерге тийешелүү суроолор азырынчо жок.

Анын максаты боюнча айтсак, андай зарылчылык бар. Афганистандагы акыбал муну көрсөтүп турат.

Жакынкы 10 жылда аны тынчыйт дешке болбойт. Дагы бир бизге болчу пайда, бул Кыргызстандын түштүгүндө аскердик инфраструктураны өнүктүрөт.

Жаңы аскердик базаны ачуудагы деталдарды талкуулоодо аскердик күчтөрдү өнүктүрүүгө басым жасалат. Андан сырткары чек ара маселелери чечүүгө шарт түзүлөт.

- Мен оюмча бул чек арадагы демаркация жана делимитация процесстерин тездетет.

Өз кезегинде коопсуздук маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов Vesti.kg сайтына, "Канттагы аскердик базаны эле түштүккө көчүрсө болмок", - деген ою айтты.

- Келишим боюнча Канттагы авиабаза дагы көп жылдарга турат, ошондуктан бул базанын бир бөлүгүн эле түштүккө которсо болот, - дейт ал. - Бирок түштүктө аскердик базанын курулушу сөзсүз керек дейт ал. Деги эле бул маселеге аскердик көз караш менен кароо зарыл. Бул жердеги база чектелүү гана радиуска ээ. Биринчиден аймактын тардыгы , экинчиден аба ырайы. Ошондуктан Афганистандагы акыбалды эске алып түштүктү күчтөшүбүз керек. Аскердик көз караш менен карганда аскерди базаны түштүккө которуу туура болмок. Ушул себептерден улам Мамытканов түштүккө куралдуу күчтөрдү которуу зарыл деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө Афганистандын эки областы Талибандардын колуна өттү,-дейт ал. - Иш жүзүндө адарды ИГИЛчилер башкарып атат. Ошондуктан Кыргызстандын коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитети республиканын түштүгүнө өтүүсү зарыл. Ошондой эле биздин бардык аскердик бөлүкчөлөр, танк, самолёттор, НЗ жана башкаларды которушубуз керек. Бул биздин кызыкчылыгыбыз үчун туура чечим болот.
   
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх