Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түлеевдин иши "биринчинин" жеке көзөмөлүндө тураарын Сапар Исаков айткан

Мурунку премьердин бала кездеги досу менен маектешкенде ушуларды айтып берди

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевди камагандан кийин, «Нариман Түлеевди коргоо комитети» жана жарандык активист Урматбек Акунов президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жардам сурап кайрылган. Бул жөнүндө Vesti.kg сайтына активист өзү айтып берди.

Анын сөзу боюнча Сапар  Исаков менен бала чакта ал дос болушкан. Анткени менен Сапар Исаков ага бул тууралуу кайрыбоосун айтып, мына буларды кошумчалады:

«Бул биринчинин жеке көзөмөлүндө турган иш. Ошондуктан мен сага эч кандай жардам бере албайм. Эгерде Нариман Түлеев президент менен тил табышса мындай мүлкүн тартып алуулар болбойт эле».

Андан ары Акуновдун сөзу боюнча ал Сапар Исаковдон бул иште президентке каршы иш алып барсаң кандай болот деп сурады.

- Эгерде мен андай ишке барсам, биринчиден кызматымды, экинчиден башымды жоготом,  деп жооп берди,- дейт Акунов.
 
2013-жылы 29-майда Бишкектин Ленин райондук соту Нариман Түлеевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгынды, ал мэр болуп турганда Кытайдан сатылып алынган пассажирдик автобустардын баасы жогорулатылган. Жыйынтыгында мамлекет 1 млн. доллар зыян тарткан. 2016-жылдын майында келтирилген зыяндарды толугу менен төлөгөндүгүнө байланыштуу  Нариман Түлеев эркиндикке чыгарылган.
 
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх