Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоодогу жоопкерчиликти алууга чакырды

Экс-премьер өзүнүн мыйзамдуу иш кылгандыгына ишенет

Депутат Сайдулла Нышанов ЖЭБди модернизациялоого алынган кредит Кыргызстан үчүн ыңгайсыз шартта алынгандыгы үчүн жоопкерчиликти мойнуңузга аласызбы?- деп сурады мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден.

- Сиз өзүңүздү эң күчтүү премьер деп эсептейт элеңиз, эми жоопкерчиликти алууга чечкиндүүлүгүңүз жетеби ?- деп кайрылды Сатыбалдиевге Жогорку Кеңештин отурумунда. - Былтыр ТВЕА бизге ыңгайсыз шартта кредит берип жатат дегенсиз. Эмне үчүн ошондо өкмөттү чогултуп бул маселени чечкен эмессиз ? Эмне мындай маселелерди ресторанда чеччү белеңиз ?

Өз кезегинде Сатыбалдиев анын өкмөтү инвестиция тартып келүүгө гана жооп бергендигин айтты.

- ЖЭБди модернизациялоо бир нече этаптан турган, мен башкарган министрлер кабинети инвестиция гана тартып келчү. Мен мыйзам чегинде иштегениме ишенем. Мен 2013-жылы Кытайдын премьер-министрине кат жазгам, катта бул келишимдин шарттарын кайра карап көрүүнү өтүнгөм. Кийинчерээк сүйлөшүүлөр боюнча комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында бизге кредиттин пайызын азайтышкан. Ушундан кийин гана келишимге кол коюшканбыз.
Бүгүн парламентте ЖЭБдеги аварияга байланышкан депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароону жана жылуулук борборуна бөлунгөн акчаны рационалдуу пайдаланылышы тууралуу отурум жүрүпжаткандыгын белгилеп кетели.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх