Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги чууну талкуулап жатып Максим Бакиевге чейин жетишти

Депутат жылуулук борборундагы аварияны "Кудай"  атайын былыктарды ачуу үчүн жасады дейт

Бишкек ЖЭбин модернизациялоодо 100 миллиондон ашуундолларды жөн эле жеп коюшкан. Бул тууралуу парламенттин отурумунда «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 миллиард, анын жарымы Кытайдын карызы, - дейт ал. - Бизге кредит алганга болбойт, себеби мындай чоң долбоорлорго өзүбүздүн каражатыбыз жок. Бирок мындай сумманы элдин эсебинен алуу, бул алардын мойнуна салынган сыйыртмак болот. Чиновниктер алардын чөнтөгүнө кол салып, 100 миллион ашуун долларды уурдап алышты.

Депутат Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тууралуу сүлөшүүлөрдү Максим Бакиев баштагандыгын эскертти.

- Максим Бакиевди баары мошенник дешет, бирок 150 миллиондук келишимди ошол түзбөдү беле ? А кийинчерээк бул сумманы 386 миллионго көтөрүп алышты. Анткени чиновниктердин өздөрүнө акча алыш керек болгон. Эл аралык аудит жүргүзүүнүн эмне кереги бар? Эмне убакытты дагы 2 же 3 жылга созолубу ?  Ансыз да  жылуулук борборуна кеткен чыгым үч эсе жогорулатыогандыгы белгилүү болуп турат.

Бирок, Шыкмаматовдун сөзү боюнча модернизация баары бир болушу керек болчу.

- Бул маселени чечкенге премьер-министрлер он беш жолу аракет кылышкан. Бирок чиновниктер акыр аягында элди, парламентти алдашты жана өз кызыкчылыктары үчүн каражатты алышты. Эгерде авария болбосо, биз бул жемкорлук тууралуу билмек эмеспиз. Чамасы төбөдө карап турган Кудайдын деле чыдамы кетип калды көрүнөт.

Бүгүн Бишкек  ЖЭБинин авариясы тууралуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоону парламент улантып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх