Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанды "коррупциялык" акчалар үчүн атайын банктык эсептер ачылат

Ал жакка соттун чечими жана укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча тартылып алынган каражаттар түшөт

Президент сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгү үчүн,  сот өкүмү менен тартылып алынган жана укук коргоо органдарынын иликтөө иштеринин натыйжасында келип түшкөн акча каражаттары үчүн банктык эсептерди ачуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Мамлекет башчынын бул тапшырмасын аткарууга президенттин аппарат башчысынын жардамчысы Алмамбет Салиев жыйналыш кылып, ага УКМКнын, ИИМдин, Минфиндин, ГСБЭПтин жана Улуттук банктын жетекчилерин чакырды. Жыйналышта атайын банк эсебинин ачылышы талкууланды. Бул максаттагы банктык эсептерди ачуу боюнча өкмөткө укуктук-нормативдик актыларды иштеп чыгуу сунушталды.

Президенттин саясий маалымат бөлүмү
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх