Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттардын өч алуусу. Эми алар Сапар Исаковду «саясий өлүк» деп аташты

Мурудагы өкмөт башчыга эмне үчун ишенбестик көрсөткөндүктөрүн тушүндүрүштү

Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште эмне үчүн депутаттарды "саясий өлүк"  деп атагандыгын түшүндүрдү.

- Мен көп эле депутаттарды сыйлайм, бирок ар бир саясатчы өз оюн айтууга укуктуу. Биз отчёт бергенде аны канааттандыраарлык деп табышкан эле. Бирок эртеси эле позицияларын өзгөртүштү. Мен буга өз баамды бердим.

Бирок өз кезегинде депутат Искендер Матраимов Сапар Исаковдун өзүн "саясий өлүк" деп атады.

- Сизге алтургай донорлор да ишенишпейт, - деди ал. - Сизге бир гана ЖЭБ тууралуу эмес, "Хуавей" , ГЭС курулушу боюнча да ишен бөөчүлүк көрсөтүштү. Биз сиздин «Жаш» өкмөтүңүздү колдоп бердик, бирок өкмөт үмүттү актаган жок.

Чындыгында ким «саясий өлүк» экендигин ойлоп көрүш керек. сизге алтургай донорлор да ишенишпейт.

Сапар Исаков унчукпай калбай жооп берди.

- Мен сиздин сыныңызды түшүнөм жана анын себеби мага белгилүү. Бирок бардык эле саясатчылар ката кетиришет. "Акылдуу шаар"  долбоору боюнча келишимге кол коюуда болсо мен дароо эле айттым го техникалык талаптарга жооп бербейт, баалары жогорулатылган деп. Ал эми кичи ГЭСтер тууралуу болсо, Чехиянын президенти бул компанияны сунуштап туруп алды, бирок Алмазбек Атамбаев баары бир конкурс болот деп айтты. Биз мындай болуп чыгаарын билген эмеспиз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх