Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коррупциялык» акчалар өкмөттө эмес коммерциялык банкта болушу керек

КР АДС генералдык катчысы каражаттарды тартып алган органга ишенимди ушинтип гана камсыз кыла алабыз деп эсептейт

Кайтарылып алынган коррупциялык каражатарды сактоо үчүн ачылган эсеп - бул маселени чечүүбү же дагы бир ууру жана паракорду тойгузуубу? Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы тууралуу өз оюн коррупция боюнча күрөштүн экспертти айтат.

- Бизде бир жаңы нерсени ойлоп тапканды эле жакшы көрүшөт дейт, - көз карандысыз эксперт Рита Карасартова. - Эгерде таза иштеш керек болсо, ушунун эмне кереги бар эле?

Юрист Vesti.kg сайтына  КР Минфини мисалга, кайтарылган акча каражатын бөлүп эсептебейт, - дейт. Анын сөзү боюнча мекемеде бул тууралуу маалыматты бере алышпайт, себеби алар мындай эсепти жүргүзүшпөйт.

Коротулган каражаттарга көзөмөлдүн жоктугу бюджеттик каражаттарды кыйгап өтүүчү агымды гана көбөйтөт, деп улады Карасартова. Мисал катары ал көзөмөлдөө органдарына кайтарылган каражаттардын 30 % гана түшөөрүн айтты.

- Айыл өкмөтүнүн башчысы бир да сом короткон эмес,  себеби ал бир да сессия өткөргөн эмес. Ага 400 миң сом  айып пул чегеришти.  Же болбосо мектептин директору мектеп курулушуна 18 миң сом короткон. Ал нерсеге айыл өкмөтү жооп бериши керек, ошондуктан 300 миң айып пул дагы чегерилген. Анын 30 % прокуратурага кетет.

 Юрист бул жерде көйгөйдүн маңызы ушул экендигин айтат.

- Атайын эсепти ачыштын кереги жок, болгону бюджетке кайтарылган акчаларды жазып гана коюу керек. Мунсуз коррупция көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес.

КР  коррупцияга каршы ишкер кеңешинин генералдык катчысы  Нурипа Муканова  анти коррупциялык эсептин айланышында да тобокелчилик бар дейт.

Бирок ал баары бир президенттин бул идеясын колдоорун билдирди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде ал  эсеп өкмөттө эмес коммерциялык банкта болушу керектигин айтты. Бул эсептеги иштер баарына сайттан корүнүп турушу керек, кимден келип түштү, кай жакка короду жана ким кол койгондугу.

Эксперттин ою боюнча азыр кайтарылган акчалар эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Ал акчалар чындап эле кайтарылдыбы же жокпу эч ким билбейт.

- Ошондуктан бул жерде баары ачык, так болушу керек. бир гана ушундай жол менен кайтарылган каражаттарды органдарга ишенип берүүнү камсыздаса болот.

Vesti.kg сайты мындан мурдараак президент Сооробай Жээнбековдун укук коргоо органдары тарабынан тартылып алынган каражаттарды сактоо үчүн атайын банктык эсептерди ачууну тапшыргандыгын эсиңиздерге салабыз.

Президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Алмамбет Салиев  мамлекет башчынын тапшырмасын Кыргыз Республикасынын  прокуратура, УКМК, ИИМ, Минфин, ГСБЭП жана Улуттук банктын жетекчилери менен талкууга алды.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх