Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Кытай кредитине байланышкан иштердин бардыгы Алмазбек Атамбаевге келип такалып жатат

Наталья Никитенко Эмне үчүн мурдагы президент өкмөттүн ишине кийлигишкендигине жана министр Осмонбек Артыкбаевге тикелей буйрук бергендигине кызыкты

Саясий коррупциянын пайда болушу ар бир эле мамлекет үчүн коркунучтуу. Ал эми кытай кредитине байланыштуу иштердин баары мурунку президент Атамбаевге барып такалып атат. Мындай ойлорун депутат Никитенко парламенттин отурумунда айтты.

- ЖЭБди модернизациялоо зарыл иш болчу, бирок баалар бир нече эсе жогорулатылып көрсөтүлгөн. Алтургай Максим Бакиев да мындай ысырапкорчулукка даай албай, Кытайдан бар болгону 150 миллион гана сураган экен. Биз болсо эми пайызы менен кошуп 500 миллион доллар төлөшүбүз керек. Бирок мага бул келишимде президенттин аппаратынын тышкы саясий иштер бөлүмү аралашканы түшүнүксүз болуп жатат ? Бул жөн эле чарбалык келишим болгон.  Эмне учун Атамбаев өкмөттүн ишине кийлигишкен жана ошол кездеги министр Осмобек Артыкбаевге түздөн түз буйрук берген ?  Адистер бул келишимге баа беришип, анын коркунучу жана суверенитетти жойгонго жеткире турган кесепеттери тууралуу эскертишкен. Президент аларды уккан эмес. Иликтөөнү мындан да тереңирээк кылыш керек.

Мурунку премьер депутатка каршы болуп, бул келишим эл аралык болчу деди.

- Бул жөн гана чарбалык келишим болгон эмес,- деди Сапар Исаков. - Президенттин аппараты Си Цзиньпинге визит даярдашкан. Андан кийин бул келишимди реализациялоого мониторинг кылганбыз. Биз саясий документтерди даярдаганбыз.
Бүгүн парламент Бишкек ЖЭБи тууралуу депутаттык комиссиянын отчётун кароону улантып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх