Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жегендерин кайтарып беришсин!". ЖЭБ жаңжалына тийешеси барлардын мүлктөрүн тартып алса болобу?

Чиновниктердин чет жакка чыкпай туруусун сурануу тууралуу ойлор бар

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого катышы бар чиновниктердин мүлкүн камоого укуктук негиз жок деген оюн Vesti.kg сайтына баш прокурордун мурдагы жардамчысы Кубатбек Кожоналиев билдирди.    

- Кыргызстанда мүлктү конфискациялоонун соттун өкүмү менен башка мыйзамдуу жолдору деле толтура, - дейт ал. - Азыр парламентте кытай кредити тууралуу иш боюнча баары эле күбө катары өтүп жатышат. Тергөө органдары алардан мамлекеттен чыгып кетпөө тууралуу милдеттенме алышса эле жетиштүү болот.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин экс-спикери Кубанычбек Исабеков Кожоналиевдин сунушу менен макул эмес.

- Мүлкүн камакка алуу өтө зарыл, алардын арасында экс-президенттикин да,- дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Андан сырткары банктык эсептерине да арест коюу керек. Кыргызстан Интерполдун мучөсү болуп эсептелет, ошондуктан чет мамлекеттердеги активдерин да арестке коюуга мүмкүн. Коррупция үчүн түрмөгө отургузууга болот, күнөөлүүлөр бир жылдан соң чыгат. Жегендерин мамлекетке кустуруу жолун табыш керек. Биз кредит төлөшүбүз керек, ал эми бюджетке болгон карыз болсо 12 миллиард. Биздин валютабыз мындай темп менен бат эле төмөн түшүп кетет. Анын үстүнө ЖЭБ бул айсбергдин учу гана. Али Датка - Кемин менен жолго деген кредиттер текшериле элек.

Бишкек ЖЭБиндеги болгон аварияга байланыштуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын парламенттик отурумда карап жаткандыгын эсиңиздерге салабыз. Бүгүн депутат Азизбек Турсунбаев ким бул иш боюнча катышы болсо баарынын мүлкун арестке алуу керектигин айтты.

«Күнөөнү эч ким мойнуна алгысы келбейт. Мурда коррупцияга шектүүгө качып кетүүгө жана мүлкүн катууга убакыт беришчү. Азыр анткенге жол бербешибиз керек. Ууру түрмөгө отуруш керек»,- деди эл өкүлү жергиликтүү ММКлардын бирине.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх