Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку соттун төрайымы сот системасы эмне үчүн аксап жаткандыгын айтты

Айнаш Токбаева президентти келечектеги юристтердин айлыгына жана билиминин сапатына көңүл бурууга чакырды

Сот кызматкерлеринин айлыгы чеке жылытаарлык эмес. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот реформасы боюнча Кеңештин отурумунда айтты.

Бүгүнкү күндө соттордун жана бул системадагы башка кызматкерлерге мамлекет тарабынан эч кандай стимул берүүчү чаралар киргизилген эместигин белгилеп кетти.

-  Айлыктан башка дагы бир көйгөй алардын билиминин сапаты. сотторду окутуу Минюстка жүктөлгөн, бирок профессордук - окутуучулардын курамы жок. Бул тууралуу донорлорго кайрылууга туура келет,- деди Токбаева.

Ошону менен катар дагы бир чоң көйгөй сот имараттарынын акыбалы.

- Соттор өтө оор шартта иштешет. Кээ бир соттордун имараттары авариялык абалда турат,- деп кошумчалады Жогорку соттун төрайымы.

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда сот реформасынын Кеңеши болуп жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.


Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх