Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баш прокуратура Сапар Исаковдун соода өкүлдөрү менен болгон жоолугушуусун изилдейт

Айсулуу Мамашова парламентте мурунку премьер качан андан сураганда гана жооп берүүсүн талап кылды

ЖК отурумунда депутат Айсулуу Мамашова менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун ортосунда акыйлашуу болду.

Эл өкүлү ТИМдин башчысынын мурдагы орун басарынан компания менен жоолугушуу кимдин милдетине кирээрин сурады.

- Аскар Жолчубекович, айтыңызчы, протокол боюнча соода өкүлүн ким тосуп алышы керек эле, президенттин аппаратынын бул жоолугушууга тийешеси барбы ?- деп сурады Мамашова.

Бешимов өз кезегинде, бул суроого президенттин аппаратынын өкүлү өзү жооп берсин деди.

- Балким өзү жооп берээр, мен бир гана ТИМдин сызыгы боюнча жооп берем. Буга окшогон жоолугушуулар Министрликте болчу, бирок ал жерде саясий суроолор, баалар жана башка нерселер талкууланчу эмес, - деди мурунку чиновник.

Аңгыча болбой бул суроого Сапар Исаков өзү жооп бергиси келип жаткандыгын билдирди. Бирок Мамашова аны одоно түрдө токтотуп койду.

- Мен сизден сураган жокмун Сапар Жумакадырович, качан мен сизге суроо узатканда жооп бериңиз, - деди эл өкүлү.

Ага болбой эле Сапар Исаков уланта берди:

- Мен ушундай долбоордун саясий чогулушуна катышып калганыма сыймыктанам, биздин тапшырмабыз долбоордун мониторингинде президенке көрсөтүлүү үчүн камтылган. Биз соода  өкүлдөрү жана башкалар менен жоолуктук.
Кайым айтышып жатып Мамашова  Сапар Исаковдун бул соода өкүлдөрү менен 18 жолу жоолуккандыгын айтты. Андан сырткары, бул жоолугушууларды Баш прокуратура териштире тургандыгын тургандыгын да айтты.
Мурунку премьер бул цифралар менен макул болбой атты эле, бирок акыр аягында макул болду.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх