Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Сапар Исаков кытайларга «крыша» болгон

Эл өкүлүнүн айтымында, мурунку премьер кытай компаниясына жардам берип, алардын көйгөйлөрүн чечип турган

Мурунку премьер Сапар Исаков кытай компаниясына "крыша" болгон. Бул туурасында депутат Алтынбек Жунус уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн алынган кытай кредитин жана авария тууралуу парламенттик талкууда айтты.

- Сапар Жумакадырович, бардык кытай компаниялары сиздин кабинетиңизге келишчү, анткени сиз алардын официалдуу эмес "крышасы" болчусуз. Алардын бардык көйгөйлөрүн чечип турчусуз, - деди эл өкүлү.

Сапар Исаков буга жооп кылып далилсиз күнөөлөбөшүн өтүндү.

- Урматтуу депутат, мени мындай нерсе менен далилсиз күнөөлөбөңүз. Мындай кылган болбойт. Бул жакшы эмес. Мындай нерсени билдирүүдөн мурун далилдеш керек, - деп жооп берди Исаков.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх