Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Легендарлуу «финполчу» Русланбек Умаров: Уулумдун өлүмү тууралуу эч ким мени менен байланышкан жок

Чекисттерди контрабандага шектүү деп кармаган ГСБЭПтин мурунку начальнигинин уулунун өлүмү тууралуу иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган

ГСБЭПтин мурдагы начальниги Умаров Русланбектин 17 жаштагы уулунун каза болгонуна бүгүнкү күнү туптуура 3 жыл болду, бирок бул окуя аягына жете элек. Иш мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулган.

Зарылбек Рысалиевдин бул ишти 24-апрельде Өткүрбек Жамшитовго элдин алдында туруп айтканына бир айга жакындап калды. Ал бул ишти жеке көзөмөлгө алуусун өтүнгөн эле.

Өткүрбек Жамшитов бул ишти иликтегенге убада берген .
Анын үстүнө Умаров да  Vesti.kg  сайты ага комментарий үчүн кайрылганда эч ким бул тууралуу байланышпагандыгын айтты.

Оңтойсуз полковник

Подполковник Руслан Умаров Кыргызстанда белгилүү, дээрлик легендарлуу адам экендигинен сөз баштасак туура болот. Ал паракорлорду кармоодогу атайын операциялары жана ири аткезчилерди колго түшүрүүдөгү иштери менен даңкталчу, ал кармагандардын арасында көзөмөлдөө органдарынын жана укук коргоочулардын жогорку кызматтагы адамдары да бар болчу.

Коррупционерлерди кармоодогу иш чаралар ММКларда кеңири баяндалчу, ар бир атайын операцияларды жасоодо Умаровдун аты чыга калып, көпчүлүктүн көңүл борборунда эле. Анын иши ушундай болчу.

Офицердин үй бүлөсү канчалаган коркутууларды уккандыгын элестетүү өтө коркунучтуу. бирок ошентсе да финполдун башчысынын мурунку орун басары «сен ким экендигиңе карабастан, коррупционер болсоң жоопко тартыласың» деген принциптен тайган эмес.

Мындай кадр чиновниктерге албетте жаккан эмес, ошондой эле алар коррупция менен күрөшүүнү каалаган да эмес.

Акырын алдыртан ГСБЭП тин жетекчилиги менен макулдашып алышып, Умаровду тооруй башташкан.

Көп убакыттарга чейин ага басым болгон. Адегенде аны жашыруун документтерге болгон ыйгарым укугун алып салышкан, андан соң эч кандай соттун чечими жок эле анын аскердик билетин өрттөп салышкан.

Аны ушинтип гана иликтөө иштеринен четтетүүгө мүмкун болчу.

Анын үстуно Умаров Кыргызстанда коррупция менен күрөш жок, анткени коррупцияны көзөмөлдөө органдары менен укук коргоо органдары өздөрүнөн баштоо керек деп билдирген эле. Тилекке каршы анын айткандарын бийлик уккан эмес, ал куугунтукка алынган.
Кийинчерээк, 2015-жылы аны ээлеген кызматынан боштушкан, буга себеп анын аскердик билетинин жоктугу, а анын себебин жогоруда айттык. Өрттөп салышкан.

- Ошол учурдан баштап прокуратура, УКМК жана ГСБЭП менин материалдарымды көтөрө башташты, бирок эч кандай мыйзам бузуу таба алган жок. Ошондуктан аларга фальсификацияга барууга туура келди, - дейт аңгемелешибиз.

Коркутуп коёлу деп, өлтүрүп алышкан.

Баласынын өлүмүн Умаровдун аялы  күйөөсүнүн жумушу менен байланыштырышы таң калыштуу эмес.

Каргашалуу күн 11-майда, 17 жаштагы өспүрүм продукта алып келүү үчүн машинасы менен «Фрунзеге»  жөнөйт. Ошол бойдон алар уулун тирүү көрүшкөн жок.

Эксперттердин айтуусунда дөңгөлөктү катырган гайканы таба алышкан эмес эч жерден. Катуу урунганда да ордунда калышы керек эле дешет ал гайка. Каза болгон баланын атасы муну чоң кызматтагы чиновниктер кылышы мүмкүн деп божомолдойт.

«Чамасы коркутуп коёлу дешкен. Өлтүруп салалы дешпесе керек, бирок болоору болду» , - деди ал ММКларга берген комментарийинде.

Белгилүү юрист Икрамидин Айткулов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде укук коргоо органдары жана сот органдары бул ишти кайра карап чыгуулары керек, анткени күнөөлүүлөр табылган эмес деп билдирди.

- Жабырлануучулардын доосун угуп анан чечим чыгарганда туура болмок. Эгерде ал жерде үчүнчү катышуучу болуп жатса, ишти кантип жаап коюуга болот ?  Бул жерде күнөөлөө өкүмү да, актоо өкүмү да жок, - дейт Айткулов.

Дагы бир дасыккан юрист Канат Хасанов Vesti.kg  сайтына комментарий берди. бул иш эми жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра козголушу керектигин айтат.

- Так жооп берүү үчүн мен бардык материалдарды көрушүм керек, бирок иш жузундө азыркы мыйзам боюнча мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу иш токтотулган. Эми бир гана жаңы ачылган жагдайлардын негизинде гана кайра жандандырылышы мүмкүн, - деп сөзун аяктады ал.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх