Жеңиш Исаков Бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгын өзү таштап кетти
Премьер аны ээлеген кызматынан бошотту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгынан Жеңиш Исаковду арызынын негизинде бошотуу жарлыгына кол койду.
Бул тууралуу өкмөттун аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Мурдараак Vesti.kg сайтына МБК башчысынын орун басарлыгына Шамиль Бердалиев дайындалгандыгын билдиришкен болчу.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз