Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Исаевге козголгон кылмыш ишинде 27 одоно фальсификациялык фактыларды эсептешти

Президенттен депутатка каршы козголгон ишти көзөмөлгө алуусун өтүнүштү

Парламенттин депутаты Канат Исаевди коргоо комитети мурдагы «Кыргызстан» фракциясынын лидеринин иши боюнча Кыргыз бийлигинен калыс жана мыйзамдуу чечим чыгарып берүүсүн суранышат.

Комитетте Сооронбай Жээнбековдун сот жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүсү жактырылат. "Соттордун куратору" деп аталган Манас Арабаевди жумуштан бошотуу менен президент соттордун акыйкат чечим чыгаруусуна өбөлгө түзөөрүнө үмүт кылышат. Соттук реформа боюнча кеңештин отурумунан кийин Сооронбай Жээнбеков сотторго басым көрсөтпөө тууралуу антикоррупциялык негизги багыттарды белгиледи.

Комитетте белгилегендей, Канат Исаев өзү да коопсуздук Кеңешине кат менен кайрылган. Кайрылууда ал биринчи инстанция ишти кароодо көптөгөн кемчиликтерди кетиргендигин айткан.

«УКМКга берилген кылмыш иши жалаа материалдар болгон, тергөөнүн күнөөлөгөн корутундусунда 27 одоно фальсификациялык факт болгон. Курулай эле эч нерсеге негизделбеген, такталбаган жалаа болгон», - дейт кайрылууда.

ЖК түзүлгөн депутаттык комиссиянын иликтөөсү алардын кесиптештерине коюлган айыптарда көптөгөн мыйзамдын нормалары бузулгандыгын белгилешкен.
Канат Исаев Токмоктун мэри болуп турганда, муниципалдык жерди жеке адамга берип жиберген деген айып менен күнөөлөнгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

«2009-жылы Токмок мэриясы инвестициялык келишимге кол коюп, 0,3 га соода борборун курууга ылайыкташкан жерди, бул соода борборунун баасынын 30% алмашкан, башкача айтканда 9,3 млн. сомго »,- деп жазат Канат Исаев кайрылуусунда.
Эксперттердин баасы боюнча бул участоктун орточо базар баасы 2009-жылы 817 миң сомдун тегерегинде болгон. Бирок Токмок мэриясы аны 1,8 млн. сомго баалаган.
«Бул чындыгында ошол кездеги өтө жогорку баа болгон. Мамлекет чыгым тарткан эмес. Тескерисинче мэрия эки эсе жогорку баада саткан», - дейт кайрылууда.
Бирок Канат Исаевди 1,8млн. эмес 6 млн. чыгым келтирген деп кунөөлөшөт.

"Тергөөчү ачык эле фальсификацияга барган, инвесторго сатылган жердин аянтын да, анын баасын да көп кылып көрсөтүп салган", - деп билдирет Исаев.

«Дагы бир фальсификация : тергөөдө келтирилген чыгымдар кайтарылган эмес деп көрсөтүлгөн. Бирок сотто инвестордун бардык чыгымдарды төлөгөндүгү тууралуу документтер келтирилген болчу»,- деп айтылат андан ары.
Депутат белгилеп кеткендей, мурунку библиотеканы приватизациялоодо да тергөө туура эмес болгон. 2007-жылы шаардык кеңеш библиотеканы авариялык деп таап, аны социалдык обьектилердин катарынан чыгарган. Ошонун негизинде аны реализация кылууга макулдук берилген.

«Мени 2008-жылдын 31-июлунда мэрдин кызматын аткаруучу кылып дайындашты. Башкача айтканда менин шайланган убактымдан беш ай мурун бул обьектини шаардык кеңештин чечими менен соц. обьектилердин катарынан чыгарып, документ боюнча мурунку библиотека деп эсептелген».  Тергөөчү бул жагдайларды эң сонун билген. Себеби мен суракта булар тууралуу айтып бергем. Бирок тергөөчү ошого карабастан жалган жалаага барат. Анын айтымында мурунку мэр Сулайманкулов обьектини соц. обьектилердин катарынан 2007-жылы чыгарып, бирок капиталдык ремонт кылгыла деп тапшырган. Бирок мындай документ да , датасы да , номери да көрсөтүлгөн эмес. Мэр шаардык кеңештин чечимин  өзгөртө албайт. Бул соттордун же депутаттардын ойлоп тапканы. Анын үстүнө библиотека 2008-жылы тизмеден чыгарылган, а мэрдин буйругу болсо 2007-жылдын 19- июлуна коюлган. Ушунусу менен тергөөчү фактыларды чаташтырып, сотту атайылап адашууга алып барып атат, - деп баяндайт өзүнүн кайрылуусунда мурунку депутат.
Жакынкы убактарды Бишкектин шаардык сотунда Канат Исаевге өкүм чыгат. Кийинки отурум 24-майда болот. Ошондой эле Канат Исаевди коргоо комитети шаардык сотко акыйкат чечим чыгарып берүүсүн өтүнүп кайрылышкан.

Канат Исаевди коргоо комитети
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх