Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Силер укпайсыңар. Чек ара демаркациясын Казакстан менен жабык режимде талкуулашат

Өкмөт ушундай өтүнүчү менен депутаттарга кайрылды

Депутаттар кыргыз-казак чек арасынын демаркациясын журналисттердин катышуусусуз талкуулоону чечишти.

Бүгүн пленардык отурумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу чыккан эки мыйзам долбоору каралат. Эки келишимге тең 2017-жылы 25-декабрда Астанада кол коюлган. Бирок өкмөттүн өкүлдөрү бул документти депутаттарга жабык режимде талкуулоону сунуш кылышты.

Депутаттар бир ооздон өкмөттүн сунушун колдошту.

Сооронбай Жээнбеков 25-январда Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага официалдуу визит жасаган болчу. Бул алардын Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийинки экинчи жоолугушуусу болчу.

Бир ай мурун коңшу өлкөнүн башчылары Минскиде ОДКБнын саммитинде жоолугушкан болчу. Ошондо президенттер мамлекеттик чек араны демаркациялоону чечишкен.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх