Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Трайбалисттерди» 10 жылга камоо. Кыргыздарды бириктиргенге ушул жардам береби?

Депутаттардын мындай демилгеси кезектеги эле популизм деген ойду айтышат

Депутат Тазабек Икрамов аймактар аралык кастыкты козуткандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады. Анын ою боюнча тийешелүү толуктоолорду Кылмыш жаза кодексине киргизүү керек.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү КР Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренесинин 1 бөлүгүнө толуктоо киргизүүнү сунуштайт. Демилге төмөндөгүдөй жазанын түрлөрун карайт:

- Аймактык бөлүнүүгө чакыруу жана аймактар аралык мамилени бузууга чагымчылык кылуу үчүн ММКларды колдонгон жана интернет колдонуучуларды - 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратуу ;

- Ошондой эле иштерди алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобун - 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Анткени менен бул ой бардык эле эл өкүлдөрүнө жага берген жок. Көз карандысыз эксперт Айнура Арзыматованын Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал муну популизм деп атап, анткени аталган берене мыйзамда бар экендигин айтат

- Бизде бардык өлкөлөрдөгүдөй эле улут аралык астыкка, жана аймактык бөлүнүүгө каршы мыйзамдар бар, ал эми бул мыйзам долбоор курулай эле популизм. Депутаттар чындап керек болуп аткан мыйзамдарды иштеп чыгышса болмок. бир нече күн ЖЭБдеги окуяны карашты, калп эле катуу иштеп аткансышып.
Аягында Айнура Арзыматова мындай жазалоонун зарылчылыгын деле көрбөй аткандыгын айтты.

- Бүгүнкү күндө өлкөдө андай жаман тенденциялар жок, атайын мыйзам чыгарып жазалап жиберүүгө негиз да жок, - дейт ал.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев бул долбоорду карап чыгууга даяр экендигин Vesti.kg сайтына билдирди. Анын оюнча 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу өтө эле катаал жаза болуп калат.

- Мен ал документти көргөн жокмун, бирок бул нерсе менен макулмун, анткени аймак аралык кастыкты козуткандарды жазалоо керек. Бирок анчалык катуу эмес,-дейт эл өкүлү. Тилекке каршы түндүк менен түштүк маселеси бар. Бул демилгени карап көрүш керек деп ойлойм.

Документтин авторунун сөзү боюнча, бул мыйзам долбоордун максаты кыргыз элинин биримдигин сактоо жана аймактык бөлүнүүнүн алдын алуу болуп саналат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх