Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламентте "Бешинчи каналды" сатууну сунуш кылышты

Депутат Дастан Бекешев телеканал баары бир парламенттик болбогондугун белгиледи

ЖК отурумунда Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуштады. Сунуш кылынган долбоорду биринчи окууда карай башташты. Андан сырткары документ ал каналдын «парламенттик» деген статусун алып салууну сунуштайт.

- 2019-жылга чейин бир да телевизиондук канал парламенттин ишин көрсөткөн жок. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен «Бешинчи канал» ЖАК улутташтырылган.

Бирок, Бекешевдин сөзү боюнча өкмөт бул акционердик коомго тийешелүү документтердин бирин да тактаган эмес.

Ал эми парламенттин отурумун болсо «Пирамида» көрсөтөт.

- "Бешинчи канал"  факт жүзүндө да, юридикалык жактан да парламенттик болгон жок. Ошондуктан бул акционердик коом тууралуу мыйзам күчүн жоготту деп эсептешибиз керек, - деп аяктайт ал.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх