Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сотко сот болууга талапкерлерге кыйын болду. Депутаттар аларга ишенбей жатышат

Жогорку Кеңеште сунушталган адамдар чуулгандуу Манас Арабаевдин кадрлары экендиги айтылууда

Депутат жанар Акаев Жогорку соттун сотторун тандоодо ачык добуш берүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүнкү ЖК пленардык отурумунан билдиришти.

- Бардык кыргызстандыктардын сотторго болгон ишенимине биз жооп беребиз,-деди Жанар Акаев. - Ошондуктан добуш берүүнү ачык кылышыбыз керек. Мурда Манас Арабаевди Кыргызстандагы экинчи адам деп аташчу, ал эми сунуш кылынган кадрлар баары анын кишилери. Мен буларды тандабоону сунуштайм. Колунан жакшылык келбегендерден эмнени күтүүгө болот ?

Анын кесиптеши Мирлан Жээнчороев буга макул болуп, азыр кандидаттарга суроо берүүнү айтты. Ал эми добуш берүүнү кийинкиге калтырууну сунуштады.

- Соттордун чыныгы жүзүн ачыш керек, соттор тартипти кармаш керек. Бирок алар күнөөсүздөрдү жазалап атышат. Ушулардын кесепети менен мамлекеттин мыкты уулдары түрмөдө отурушат. Алар демократия үчүн күрөшүшкөн. Булар иштей алабы же жокпу деген суроо коюлушу керек .

Өз кезегинде Наталья Никитенко өзүнүн кесиптешин колдоду.

- Сот реформасы деген эмне ? - деп парламентке кайрылды ал. - Бул бир гана укуктук нормативдик актылар эмес, бул биринчи кезекте соттордун өздөрү. Алардын моралдык жана этикалык облиги таптаза болушу керек. Бизге азыр Жогорку сотко көптөгөн мыйзам бузууларды жасаган Воронцованы сунуштап жатышат.

Жыйынтыгында депутаттар жабык режимде добуш берүүнү чечишти, бирок соттор суроо берүүдөн баары бир кутула алышкан жок.

Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбеков тарабынан Жогорку сотко сунушталган талапкерлерди кароого киришти.

Алардын арасында:

- Жунушбаев Кыдык Карыбаевич
- Воронцова Ирина Николаевна
- Орозова Дамира
- Бакирова Нургүл Жакыповна
- Алымкулов Айдарбек

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх