Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат: Бишкекке алынган көчөттөр вице-мэрдин тууганынан сатылып алынган

Эмил Шүкүров да бул көчөттөр Германияда эсептен чыгарып ташташкан деп божомолдойт. Депутаттык комиссия бул маселени иликтөөнү чечти

Жогорку Кеңеште Бишкек мэриясы үчүн сатылып алынган 9 миң сомдук көчөттөрдү иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт. Мындай чечим кечээ ЖК агрардык саясаты, суу чарбасы жана экология боюнча  комитеттин отурумунда  кабыл алынды.

Андан сырткары, депутаттык комиссия массалык дарактарды кыюу жана мыйзамсыз курулуштар боюнча укук коргоочулардын арызын карайт.

Комиссиянын курамына депутаттар Алмасбек Акматов, Наталья Никитенко, Абылкайыр Узакбаев, Рада Туманбаева, Мухтар Айнакулов жана Искендер Гайпкуловдор киришет.

Депутаттардын чеимин белгилүү эколог жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Шүкүров колдоду.

Анын сөзү боюнча, жогоруда айтылгандарды тыкыр иликтесе жакшы болмок. Анын үстүнө коммчулук ошону талап кылат.

- Мен буга так жооп бере албайм, иброк менде депутаттар текшере турган маалыматтар бар. Мисалы, бул көчөттөр Германиядан сатылып алынган имиш жана чындыгында бул көчөттөр эсептен чыгарылып ташталган. Ошондуктан алардын көпчүлүгүнүн учтары куурап калган. Ошондой эле бул көчөттөрдү Бишкектин четиндеги бир питомникте өстүрүшкөн деген да маалыматтар бар. Ал вице-мэр Эркинбек Исаковдун тууганына таандык экен.

Сөзүнүнүн акырында эколог мэриянын массалык түрдө дарактарды кыйгандыгын күнөөлөдү.

- Алар айткандай картаң дарактарды кыйган болсо жакшы болбойт беле. Алар 50 жыл болгон дарактарды кыйганбыз дешет, ал эми бул дарактардын орточо жашоосу 100 жыл, - деп улантат эколог. Шаарда 80 жылдан ашкан дарактар бар, бирок алардын абалы эң сонун. Мэриядагылар болсо биздин климатта көп дарактар көктөй албайт  дешет. Болбогон сөз. Мурда Фрунзе шаары жапжашыл болчу, бардык дарактар эң сонун эле көктөчү. Андан да шаардын суугаруу системасын оңдоп койгондо болмок, талкаланып бүтмөй болду.

Мындай шартта эч кайсы дарак көктөй албайт да.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх