Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кулматовго өчөшүп бажы кызматындагы тажрыйбалуу кызматкерлердин баарын иштен бошотуп жатат»

Депутаттын маалыматы боюнча Мамлекеттик бажы кызматына эски система келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түндүк магистралдагы мыйзамсыз курулушту көрмөксөн болот. Бул тууралуу Жанар Акаев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

- Акыркы кездерде коомчулукта түндүк магистралдагы курулуш талкуу болуп жатат,- дейт эл өкүлү. - Биздин премьер-министр күндө ошол жерден өтүп жатса да көрмөксөн болот. Ал жер Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда эч кимге берилген эмес. Ал жер административдик имараттарды көчүрүү үчүн дайындалган.

Акаевдин сөзү боюнча бүгүнкү күндө бийликтегилер кандайдыр бир студентке 100 гектар жер беришкен.

Андан сырткары , бажы кызматында кызматкерлерди массалык түрдө иштен айдап жатышат,- деп кошумчалады ал.

- Бажыга жаңы кишини алып келишти. Мага он жылдап иштеген кызматкерлер арызданып жатышат, бизди Кулматовго өчөшүп иштен айдап салды дешип. Ошондой эле эски система кирди деп айтышты, транзиттик ташуулар үчүн акча ала башташты.
Акырында депутат өкмөттүн өкүлдөрүнөн чиновниктердин мыйзамсыз иштерин көрмөксөн болбоосун өтүндү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх