Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Кадыржан Батыровдун айынан «Курулуштун» акционерлери жумушсуз калышты

Улукбек Ормоновдун айтымында кызматкерлерди ишканадан 2015-жылы эле кууп чыгышкан

«Курулуш» ишканасынын акционерлери 3 жылдан бери өздөрүнүн бизнесин ала албай келишет. Бул тууралуу Улукбек Ормонов парламенттин пленардык отурумунда айтты.

- Менин атыма «Курулуш» АК кат келип түштү, ишкананын 50 % үлүшү Кадыржан Батыровго тийешелүү болгон, - деп билдирет Улукбек Ормонов. - 2015-жылдын августунда Мамлекеттик мүлк башкармалыгы фондунун кызматкерлерибиз деген жаш балдар бардык жумушчуларды кууп чыгышты. Ошондон бери ишкана иштебей турат. 50 % акциясы бар акционерлер жумушсуз калышты.

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд болсо акцияларды сата баштагандыгын кошумчалады депутат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх