Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар чек араны талкуулоодо шерменде болбойлу деп, жабык түрдө талкуулап жатышат

Эксперттин божомолунда, депутаттар кыргыз-казак чек арасындага демаркация маселесин чечүүдө өздөрүнүн жөндөмсүз экендиктерин көрсөткөнү калышты

Депутаттар «Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы демаркация тууралуу келишимди ратификациялоо» тууралуу мыйзам долбоорду жабык эшик аркасында талкуулоону улантып жатышат.

Бул маселе эмне үчүн ММКнын катышуусу жок өтөөрү эч кимге белгисиз.

Чек ара боюнча эксперт кубанычбек Сарыбаевдин ою боюнча, эл өкүлдөрү мындай маанилүү маселени талкуулоодо кеңкелес болуп көрүнүүдөн чочулап жатышат.

- Мен бул маселенин эмнеге жабык түрдө талкууланаарына түшүнбөй жатам.  Балким алардын дагы бир башка маселелери бар же өздөрү толук түшүнбөй жатышат, ошондуктан элге кеңкелес болуп көрүнгүлөрү келишпейт. Бул тармак ушундай, маселени чечүүгө иштиктүү жана кесипкөй болуш керек. Биздин депутаттарыбыз болсо, чек ара боюнча популисттик жана болбогон эле маселелерди көтөрө алышат.

Андан да, Сарыбаевдин таң калганы депутаттар эмнени талкуулашат, эгерде кыргыз-казак чек арасы боюнча келишим такталып бүтүп калган болсо.

- Менин билишимче, эки келишим тең ички мамлкеттик процедуралардан өтүп жана такталган, - дейт Кубанычбек Нурсеитович. - Эгерде аларда кайра карап чыгуу демилгеси болсо, анда бул маселени ТИМ аркылуу чечиш керек эле. Чакырып маселе талкуулап же нота алмашуу аркылуу чечишсе болмок. Келишим өткөн болсо, анда аны кайра кароо эки тараптан тең болуш керек да, бир эле тарабы карабай.

Ошол эле убакта Мажилистин депутаттары кыргыз-казак чек арасындагы режим тууралуу мамлекеттер аралык келишимди ратификациялоону колдошту.

Зулайка Эркимбаева
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх