Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош областынын башчысы жогорку билими бар экендигин далилдеди

Өкмөттүн региондордогу пресс-кызматы Таалайбек Сарыбашов дипломду сатып алган деген ушакты четке какты

Ош областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун жогорку билими тууралуу диплому жасалма эмес. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына областтык администрациянын пресс-катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Анын сөзү боюнча коомчулукка бул тууралуу далилдөөчү бардык нерселер бар.

- Бул тууралуу бир нече басылмалар жазышты, - дейт Сулайманкулов. - Бирок эч кимиси бул маалыматты тактаганга аракет кылган жок. Таалайбек Насирбековичтин диплому чыныгы. Биз мурда коомчулукка анын нотариустан тастыкталган копиясын көрсөткөнбүз. Маселе ошол жерден бүткөн. Эмне үчүн бул ушакты кайра алып чыгып жатышкандыктары  түшүнүксүз.

Аны менен бирге эле пресс-катчы Сарыбашовдун Ош технологиялык техникумду гана бүткөн деген резюмесин өкмөттүн официалдуу сайттарында көрсөтүп жаткандарына таң калат.

- Чамасы өкмөттүн пресс-кызматындагылар жогорку юридикалык билими тууралуу пунктту кошконду унутуп коюшса керек,- деп божомолдойт Сулайманкулов.  - Мен алардан оңдоп коюусун суранам.

ММКларда Ош областтык өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун жогорку билим тууралуу диплому жасалма деп жазып чыгышкан болчу.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх