Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия кимге белек камдап жатат ? Азырынча жооп жок

Мекеме 950 миң сомго кайрадан сааттарды сатып алат

Мындай алтын алкактуу  «Бишкек шаарынын мэри» деген жазуусу бар саатты ким алат болду экен?  Бул суроого жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Мекеменин пресс-кызматы болсо Vesti.kg сайтына бул суроого жооп бере турган адис бүгүн келбей калгандыгын айтты.

Бишкек мэриясы 100 даана саат сатып алуу боюнча кезектеги тендерин уюштуруп жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматтар мамлекеттик сатып алуу порталында пайда болду.

Мекеме 80 даана эркектердин жана 20 даана аялдардын алтын жалатылган сааттары үчүн 950 миң сом жумшоого даярданып жатат.

Эркектердин сааты кара же күрөң боолуу, ал эми аялдардыкы ак боолуу болот. Сааттын алкагына Бишкектин герби түшүрүлөт, ал эми арт жагында Кыргыз Республикасынын туусу чагылдырылып «Кыргыз Республикасы. Бишкек шаарынын мэри» деген жазуу болуусу керек.

Сааттар жыгач кутуга салынат. Февраль айынын башында мэрия түз келишим боюнча жүздөгөн сааттарды сатып алууну көздөп, бирок кийин бул  бүтүмдөн баш тарткан.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх