Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Абдыкадыров Улуттук энергохолдингдин башчысы болуп дайындалды

Ал Айбек Калиевдин ордун ээледи

Азамат Абдыкадыров ААК «Улуттук энергохолдинг компаниясынын» жаңы башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына компаниянын пресс-кызматы билдирди.

Улуттук энергохолдингдин өкүлүнүн айтымында, Азамат Абдыкадыров мурун компаниянын стратегиялык өнүгүү жана тобокеличиликтерге баа берүү бөлүмүндө башчы болуп иштеген. Андан сырткары, ал «Токтогул ГЭСин реконструкциялоо» жана «Фаза-1» долбоорлорун жетектеген.

18-апрелде УКМК кызматкерлери «Улуттук энергохолдингдин» башчысы Айбек Калиевди кылмышка шектүү катары кармашкан. Мурдагы чиновник ачылган кылмыш ишинде «Бишкек ТЭЦти модернизациялоо» долбоорундагы коррупция фактысы боюнча айыпталгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх