Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков УКМКнын жетекчисинен катаал чараларды көрүүсүн талап кылды

Президент коррупциялык кылмыш аркылуу келтирилген чыгымдарды толтуруу керектигин  Идрис Кадыркуловго айтты

УКМКнын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 8-февралында коопсуздук Кеңеши чыгарган чечимдердин ишке ашырылышы тууралуу колдонулган чаралар тууралуу сүйлөшүштү. Президент эң маанилүү органдардын бири катары УКМК ички жана тышкы коркунучтар менен, эл аралык терроризм жана диний экстремизм менен эффективдүү  күрөш жүргүзүүсү керектигин белгилеп кетти.

Сооронбай Жээнбеков жоолугушуунун жүрүшүндө кызмат абалынан пайдаланып муниципалдык жана мамлекеттик менчиктерди жеген кылмыш иштеринин баарын аяктоого жана алар менен активдүү күрөшүүгө чакырды.

«Күнөөлүүлөргө карата катуу чараларды колдонуу жана кылмыштуулуктун аркасында келтирилген зыяндын ордун толуктоо », - керектигин мамлекет башчы белгиледи.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх