Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туйгуналы Абдраимовду дайындоо - шайлоодогу дивиденддерди кайтаруубу?

Чүй областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу эксперттердин ою

Чүйдүн жаңы губернатору болуп мурдагы БШКнын мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда Улан Карагулов кызматтан бошоору менен кол койду. Ал жарым жыл иштеди. Өкмөттүн пресс-кызматы билдиргендей биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов областтык администрациянын коллективине Туйгунаалы Абдраимовду тааныштырды.  

Саясатчылар өз ойлорун  Vesti.kg сайтына билдиришти.

Бекбосун Бөрүбашев жаңы кызматты Туйгунаалы Абдраимов жөндөп кетет деп ишенет. Vesti.kg сайтына ал анын чөйрөсү кеңири экендигин, жөндөмүн жана жөнөкөйлүгүн айтты.

- Кыргызстанда татыктуу кадрлар көп, бирок дайындоо бир гана дайындалган тараптан эмес, дайындоочу тараптан да көз каранды. Бекеринен айтылбайт да: "Сен досуңдун ким экендигин айтсаң, мен сага сенин ким экендигиңди айтам" деп.

Саясатчы Марат Казакпаев саясий фактор кадрларды тандаганда негизги ролду аткарат дегенге макул экендигин айтат.

- Абдраимов шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдун штабы менен жакшы иштешти, бул анан дайындалышына өбөлгө түздү, - дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. Кыскасы ал өзүнүн кызматын жөндөп кетет. Бул киши тажрыйбалуу, Чүй областынын көйгөйлөрү менен тааныш.

Саясий маселелер боюнча эксперт Максат Мамытканов Vesti.kg сайтына ал ишти алып кетет деп билдирет. Анткени бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдына коюлган бир да тапшырма жок дейт.


- Бизде бийликти борбордон четтетүү болуп өттү , бирок эски номенклатуралык аппарат калып калды. Бул аппарат административдик жактан да , финансылык жактан да чыңдалган эмес. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн акимдерге тийгизе турган таасири эч канчалык эмес.Бул эмне деген кызмат, чын чынына келгенде эл менен президенттин ортосундагы бир баскычты гана көрсөтүп турат.

 Ошону менен катар Мамытканов бул дайындоо президент Жээнбеков тарабынан болгон кандайдыр бир карызды кайтаруу болуп калгандыгы тууралуу оюн айтат.

- Ал да катышпады беле президенттик ат салышууда, бирок акыркы учурда Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн талапкерлигин алып койгон, бул карызды кайтаруу, - деп айтат эксперт.

Биография

Туйгунаалы Абдраимов 1958-жылы Чүй областынын Нурмамбет айылында төрөлгөн.Эмгек жолун Фрунзедеги «Сантехзаготовок» заводунда слесарь болуп иштөөдөн баштаган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун врач-хирург адистигин бүтүргөн. Андан он жылдан кийин Москадагы медициналык академияны бүтүргөн. Ушул убакыттын ичинде ал Ысык-Атадагы райондук борбордук ооруканада  врач болуп эмгектенген.

Андан сырткары 1996-1998 жылдары КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген, ал эми 1998-2000 жылдары болсо атайын медициналык камсыздоо Фондун башкарган. Беш жыл (1995-2000)  ЖК биринчи чакырылышынын депутаты болгон.1999-жылы Вашингтондогу Медициналык институттун эл аралык сатып алуу адистигин бүткөн, ал эми 2005-жылы болсо КУЮА юриспруденция адистигин бүтүргөн.

2005-2006 жылдары болсо КР БШК төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргызсьтандын Кореядагы, андан кийин Вьетнамдагы элчиси кызматын аркалаган.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх