Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун жактоочусу: Менин жактаган адамым өкмөт менен соттошконго толук укугу бар!

Юрист чиновниктин «мыйзамсыз иштен алынуусун» талашканга эмне үчүн мыйзам жол бергендигин түшүндүрдү

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орунбасары Раимбек Матраимовдун доосу боюнча соттук процесс 6-июнда уланат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына доогердин жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Юристтин айтымында , ал күнү эки жактын сөздөрүн угуу болот.

Андан сырткары, Карыжинская ал жактаган адам "өзүнүн мыйзамсыз бошотулгандыгын"  талашканга толук укугу бар деп кошумчалады.

Мындан мурдараак ММКларда КР Эмгек кодексинин 427 - беренесине ылайык Матраимовдун доосун сот кабыл албашы керек  деп билдиришкен эле.

Бул беренеде жумушчулардын жетекчилери, шайлануучулар, президент тарабынан кызматка дайындалуучулар же Жогорку Кеңеш, премьер-министр аркылуу дайындалчулардын жумуш тууралуу талаш-тартыштары соттон тышкаркы тартипте чечилет деп айтылат.

Бирок Татьяна Карыжинская бул мыйзамдын нормасы эмне үчүн анын кардарына тийешелүү эмес экендигин түшүндүрдү.

- Бүгүнкү күндө президенттин 2017-жылдын 30-январында чыккан жарлыгы бар, ал реестрде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмеси бар. Ошол документке карасак, Матраимовдун кызмат оруну жогорку административдик бирок саясий эмес, демек бул  менин коргогон адамым өкмөт менен соттошконго толук укугу бар дегендик. - Бир нерсени жазаарда мен корреспонденттерге маалыматты жакшылап окуп алууларын сурайт элем.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов «мыйзамсыз кызматтан алынганына» байланыштуу өкмөттү сотко бергендигин эсиңиздерге салабыз.


Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх