Вице-мэр аткарган иштеринин эсебин бериштин ордуна, кызмат ордун таштап кетти
Айгүл Рыскулова өз каалоосу менен жумуштан бошотуусу тууралуу арыз жазды
Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айгүл Рыскулова өзүнүн аткарган иштери тууралуу депутаттардын алдында эсебин өткөрүп бербей туруп, кызмат ордун таштап кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.
Ал белгилегендей , Рыскулова өз каалоосу менен кечээ арыз берген.
Бүгүн вице-мэр шаар кеңешинин депутаттарынын алдында отчёт бериши керек эсиңиздерге салабыз.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз