Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун иши боюнча сот процессин башка күнгө жылдырышты. Митингге чыккандар тарашты

Саясатчыны колдоп жүзгө чукул адам Жогорку соттун имаратына келишти

Бугүн Бишкекте соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг болуп өттү.

Жогорку соттун имаратына чогулгандар саясатчыга акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышты. Акциянын катышуучулары бүгүн Жапаровду чыгарышат деп ишенишкен эле, бирок андай болбой калды.
Бишкек ШИИБ Vesti.kg сайтына митингге чыккандар тарашты деп билдирет.

- Митингге жүздөй киши чогулган, алар сот процессинин башка күнгө жылгандыгына байланыштуу тарап жатышат, - деп билдирди борбордук милиция.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта отурат. Ал бийликтин өкүлүн барымтага алгандыгы, өлтүрөм деп коркутканы жана бейбаштык үчүн күнөөлөнгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

Андан сырткары иликтөөнүн версиясы боюнча, ал Кумтөрдөгү 2013-жылы болгон митингди каржылаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх