Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковду кайрадан УКМКга суракка чакырышты

Чакыруунун себеби, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо тууралуу иш

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду бүгүн саат 14:00 УКМК суракка чакырды. Бул тууралуу КСДП нын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын сөзү боюнча чакыруунун себеби болуп Бишкек ЖЭБдин реконструкциясы эсептелет.

Жылуулук борборунун реконструкциясы тууралуу иш боюнча 26-апрелде мурунку премьер-министрди күбө катары чакырышкан болчу. 14-майда ал экинчи жолу суракка чакырылган. Экинчи сурактан кийин ал журналисттерге берген маегинде бул нерсени саясий куугунтук деп атаган.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх