Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук госпиталга белек кылынган жабдуу, менчик клиникада болуп калды?

Бул факт боюнча комиссия түзүлдү. «Шектүү» кызматкер кызматынан четтетилди

Кыргызстандын Улуттук госпиталынын көз бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева оорукананын диагностикалык жабдуусун өзүнүн менчик «Офтамед» клиникасында колдонго. Ал жерден ал акы алып оорулууларга текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу интернет колдонуучу Айлет Жеңишев соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, Улуттук госпитал бул жабдууну гуманитардык жардам катары Швейцариялык кызыл кресттен алган.

«Анын башкы дарыгерге болгон кайрылуусунан кийин, ал тез арада бузулган жабдууну ордуна жеткирип койгон. Ошондой эле оптикалык линзанын курамдары да бузулган абалда болгон. Аттестациялык комиссиянын төргагасы, башкы глаутоматолог жана Саламаттык сактоонун башкы штаттан тышкаркы офтальмологу жана диссертациялык кеңештин мүчөсү бөлүмдү башкарса болобу?», - деп нааразы болот Жеңишев.

Vesti.kg сайты саламаттык сактоо Министрлигине комментарий үчүн кайрылды.

Саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-катчысы Жылдыз Айгерчинованын сөзү боюнча  бул маселе боюнча комиссия иштеп атат.  

- Бул комиссияга профсоюздун өкүлдөрү өкмөттүн аппараты жана КР СМ коомдук кеңеши  кирди , деди ал. Комиссиянын жыйынтыгы качан чыгаарын ал азырынча билбейт. Иманбаева болсо азырынча кызматынан четтетилген.

Улуттук госпиталдагы өздүк булактардын Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда көз бөлүмүнүн башчысы врачтарды жалаа жаап ушактагандыгы үчүн сотко берүүнү көздөп жатат.
Такталбаган маалыматтарга караганда Салтанат Иманбаева БШКнын мурунку башчысы, легендарлуу парламенттин депутаты Сулайман Иманбаевдин кызы.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх